17.06.2019 09:52

Россияда төрт кыргыз  жараны жол кырсыгына кабылды

Россияда төрт кыргыз  жараны жол кырсыгына кабылды

Россиянын Оренбург облусунда эки кичи автобус катышкан жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул туурасында орус басылмалары жазып чыкты.

Кырсык 16-июнда эртең менен болгон. Кыргызстанда катталган Hyundai кичиавтобусунда 8 адам бара жаткан. «Газель» унаасында Россиянын 3 жараны болгон - улгайган жубайлар небереси менен. 

Жол кырсыгынын кесепетинен Кыргызстандын 4 жараны жабыркаган. Экөө ооруканага жеткирилсе,  айдоочу жеңил жаракат алгандыктан, дарыгерлерге көрүнүүдөн баш тарткан. Төртүнчү адамдын абалы кандай экени тууралуу белгисиз. 

«Газель» унаасындагылардан экөө ооруканага жаткырылып, чон атасы каза болгон. Алдын-ала маалыматка караганда, кыргызстандык айдоочу рулду башкара албай калып, каршы тилкеге чыгып, маңдайда келаткан унааны сүзгөн.